Биз менен байланышыңыз

Кадыркулов: Украинанын аймагында 107 кыргызстандык калды

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 340 | 0

8-март саат 12:00гө карата Украинанын аймагында 107 кыргызстандык калды. Бул тууралуу элчи Идрис Кадыркулов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Маалым болгондой, алардын 38и согуш болуп жаткан аймактарда турушат:

  1.  Запорожье шаарында — 4;
  2. Николаевская облусунда — 10;
  3. Борзель шаарында — 3;
  4. Буча шаарчасында -3;
  5. Житомир облусунун Панасивка айылында — 3;
  6. Харьков шаарында — 6;
  7. Киев шаарында — 9.

7-мартта Киевден Львов шаарына жеткирилген кыргызстандыктарды Бишкекке алып келүү үчүн автобустан 10 орун алынган. Бирок алардын тогузу бул каттам менен кетүүдөн баш тартышкан.

Элчи белгилегендей, Харьков шаарындагы 2 жаран жашаган жеринен көчпөй турганын айтышса, калган төртөө чечим чыгара элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM