Бишкек шаарында өтүп жаткан IV дивизиондогу хоккей боюнча Дүйнө биринчилиги кечээ, 8-мартта жыйынтыкталды. Анда Кыргызстандын улуттук курама командасы чемпион болду.
Кыргызстандын хоккейчилери финалда Кувейт менен беттешип, 14:0 эсебинде жеңип алды.
Төртүнчү дивизиондо ойногон Кыргызстандын командасы эми Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу алдында үчүнчү дивизионго өтөт.
Айта кетсек, IV дивизиондогу хоккей боюнча Дүйнө биринчилиги 3-мартта Бишкек шаарында башталган. Ага Кыргызстан, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Иран курама командалары катышты.