Биз менен байланышыңыз

БУУ: Украинадан 1,7 миллиондон ашык качкын чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2022 | 246 | 0

Орус аскерлеринин 24-февралдан Украинада жүргүзгөн атайын операцияларынын натыйжасында 8-мартка карата 1 миллион 735 миң 68 киши Украинадан чыгып кеткен. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча агенттиги маалымдады.

Булардын 1 миллион 27 миң 603ү Польшага, 180 миң 163ү Венгрияга, 128 миң 169у Словакияга, 82 миң 762си Молдовага, 78 миң 977си Румынияга, 53 миң 300ү Орусияга көчүп кетишкен.

Эң азы — 406 адам Беларустун чек арасынан өткөн.

БУУнун Качкындар боюнча агенттиги билдиргендей, Европанын башка өлкөлөрүнө 183 миң 688 адам орун алмаштырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM