Биз менен байланышыңыз

Украинадагы согуштун 12-күнү: маанилүү окуялар тизмеги (фото)

Блог | 7 Мар 2022 | 1400 | 0

Украинадагы согуштун башталганына бүгүн туура 12 күн болду. БУУнун берген маалыматы боюнча Орусиянын бомбалоосунан 350 украиналык жай тургун каза тапкан. Анын ичинен 38и жаш балдар. Ошондой эле согуштун айынан жер которууга мажбур болгон украиналыктардын саны 1,5 миллиондон ашты. Ал ортодо Орусиянын президенти Владимир Путин согуш кайсы учурда токтору тууралуу «Киев бийлиги качан аскердик операцияларын токтотсо, биз да токтобуз», -деп билдирди.

12-күнгө алынган окуялардын маанилүү тизмеги:

  • Качкындардын саны 1,5 миллиондон ашты.
  • Орусия президенти Владимир Путин жекшемби күнү кечинде Түркиянын президенти Эрдоган менен телефондо сүйлөштү. Расмий Анкара эки тарапты тең согуштук аракеттерди токтотууга чакырды.
  • Орусиялык «Аэрофлот», «AzurAir», «Nordwind», «PegasFly» авиакомпаниялары 7-марттан тарта эл аралык каттамдарын убактылуу токтотту.
  • Орусия Украинада 2200 аскердик объектти жок кылганын билдирди.
  • Украина тарап Орусиянын аскерлеринин жоготуулары 11 миңге жетти деп жарыялады.
  • Орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн 3-раунду Польша менен Белоруссиянын чек арасында өтүүсү күтүлүүдө
  • Netflix Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотту.
  • Орусия тарап учурда ээлеп алган Херсон облусуна гуманитардык жүк жеткирди.
  • Украина президенти Харьков, Чернигов, Мариуполь, Херсон, Гостомель, Волноваха шаарларына «Баатыр шаар» наамын ыйгарды.
  • Улуу Британия Украинага 100 млн доллар жардам көрсөтөт.
  • Сирияда Орусиянын аскердик аракеттерин колдогон марафон болуп өттү.
  • АКШнын президенти Байден Украинага аскердик жана экономикалык колдоо көрсөтүү үчүн 10 млрд доллар жардам бөлүү сунушун Конгресске жиберди.
Ирпень шаарында күйүп жаткан үй. Фото: Aris Messinis / AFP / Scanpix / LETA
Житомир. Урап калган мектеп имараты.
Viacheslav Ratynskyi / Reuters / Scanpix / LETA
Киевди таштап чыгып бараткан качкындар.
Фото: ​​​​​​Sergei Supinsky / AFP / Scanpix / LETA
Сквиредеги супермаркеттин бош калган текчелери. Киев облусу.
Thomas Peter / Reuters / Scanpix / LETA
Вишне-Немецктеги лагерге жайгашкан украиналык качкындар. Словакия
Christopher Furlong / Getty Images
Житомир облусунда туткунга түшкөн орус аскерлери
Фото: Вячеслав Ратинский / УНИАН
Жергиликтүү калк каптарга кум толтуруп берүүдө.
Dmytro Smolyenko / Ukrinform / Zuma / Scanpix / LETA
Киевдин батышында жайгашкан Буча трассасында талкаланган орус аскердик техникалары
Aris Messinis / AFP / Scanpix / LETA
Киевде колго түшкөн орус аскерлеринин маалымат жыйыны Алар орусиялыктарды согушту токтотууга чакырды.
Фото: Efrem Lukatsky / AP / Scanpix / LETA
Орусия аскерлеринен тартып алынган техникалардагы Z белгисин Украина желегинин өңү менен боелгон.
Фото: Украина армияси матбуот хизмати / Reuters / Scanpix / LETA
Украиналык качкындар. ​​​​​​Фото: Sergey Dolzhenko / EPA / Scanpix / LETA
Ирпен шаарынан качып бараткан украиналыктар талкаланган көпүрөнүн астынан өтүшүүдө. Киев облусу.
Emilio Morenatti / AP / Scanpix / LETA
Киевтин асманындагы ракета түтүнүн изи.
Gleb Garanich / Reuters / Scanpix / LETA
Киев облусу, Мархалевка кыштагы.
Anastasia Vlasova / Getty Images
Львовдогу айкелдер өрткө чыдамдуу каражаттар менен таңгакталууда.
Daniel Leal / AFP / Scanpix / LETA
Львовдогу Ыйык Биби Марьям чиркөөсү. Активисттер маданий жана тарыхий объекттерди коргоп калууга чакырышууда.
Фото: Dan Kitwood / Getty Images
Львов шаарынан Европага жол алган поезд.
Фото: Dan Kitwood / Getty Images
Киевдеги чыгыш фронт чек ара сызыгында нөөмөттө турган чек арачы.
. Фото: Chris McGrath / Getty Images

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM