Ишембиде Ош шаарында футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 1-турунун оюндары башталды. Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо Оштун «Алай» футболдук клубу менен «Нур-Баткен» футболдук клубу беттешти.
Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова катышып, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан жалпы шаардыктарды жаңы футбол сезонунун башталышы менен куттуктады.
Беттештин жыйынтыгында «Нур-Баткен» футболдук клубу «Алай» командасын 3:1 эсебинде утуп алды.
Быйылкы чемпионатка он команда катышат. Биринчи тур 5-6-мартка белгиленген.