Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Орусиянын миграциялык борборун ачуу талкууланды

Кыска кабар | 6 Мар 2022 | 388 | 0

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Орусияга болгон расмий сапарынын алкагында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жетекчиси Алмаз Имангазиев Москвадагы «Сахарово» көп тармактуу миграциялык борборунун жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Имангазиев жарандарды медициналык кароодон өткөрүү, манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу тартиби менен таанышты. Ал Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекет катары жарандарга керектүү процедуралардан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү өтүндү.

Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында ушул жылдын жай айларына чейин миграциялык борборлорду түзүү маселеси талкууланды.

Көп тармактуу миграциялык борборунун жетекчилиги Кыргызстандын жарандарын медициналык текшерүү жүргүзүлүп жаткан «М» секторунан өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендигин билдирди.

Ошол эле учурда аталган борбордо ЕАЭБ жарандары, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн өзүнчө «2А» коридору иштеп жатканы айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргеликте калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Кыргызстанда миграциялык борбор ачуу боюнча консультацияларды улантууну макулдашты.

Кыргызстандын жарандары үчүн «Сахарово» көп тармактуу миграциялык борборуна саат 13.30дан 17.00гө чейин баруу сунушталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM