Биз менен байланышыңыз

Казакбаев менен Козак жолугушту

Кыска кабар | 6 Мар 2022 | 664 | 0

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Орусияга болгон расмий сапарынын алкагында, Орусия президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык актуалдуу маселелерди талкуулап, ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Казакбаев дүйнөдө коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу маселелерине токтолуп, Кыргызстан коопсуздук жаатындагы кооптонууларды бөлүшөрүн жана дүйнөдөгү бардык өлкөлөр үчүн коопсуздук кепилдиктерин камсыз кылуу зарыл экендигин белгиледи.

Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулап жатып, Казакбаев ар кандай чыр-чатакты саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал биринчи кезекте мындан ары курмандыктарга жол бербөө, окуянын дүйнөлүк кырдаалга айланып, башка өлкөлөрдүн карама-каршылыгын жаратпоо үчүн алгылыктуу чечимдерди кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан сырткары ал чыр-чатакты чечүүнүн ар кандай механизмдерин түзүү керектигин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM