Биз менен байланышыңыз

Будапештте Кыргызстандын маданий күндөрүн өткөрүү талкууланды

Кыска кабар | 6 Мар 2022 | 202 | 0

Будапешт шаарында өтүп жаткан Travel Show Budapest – 2022 эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында туризм департаментинин директору Самат Шатманов Венгриядагы Түрк мамлекеттер уюмунун өкүлчүлүгүнүн аткаруучу директору Янош Ховари менен жолукту. Бул тууралуу Туризм департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу алкагында Самат Шатманов Янош Ховари менен кыргыз-венгр туризм тармагын мындан ары чыңдоо жана туруктуу туризмди өнүктүрүү жөнүндө пикир алмашты.

Ошондой эле Будапешт шаарында Кыргызсандын маданий күндөрүн жана туристтик көргөзмө-жарманкесин уюштуруу талкууланды. Жолугушууда КАТО, КАТОС туристтик ассоциацияларынын жетекчилиги жана Хельветас уюмунун «Гринтур» долбоорунун өкүлдөрү катышты.

Шатманов Түрк мамлекеттер уюмуна ыраазычылыгын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM