Connect with us

ИИМ ысырапкерчиликти алдын алуу максатында эл менен жолугушууда

Кыска кабар | 5 Мар 2022 | 281 | 0

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана анын аймактардагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан президенттин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча» жарлыгын жергиликтүү тургундарга жеткирүү максатында профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматкерлери мечиттерге жума намазга келген жарандар менен жолугушуп, бул жарлык боюнча кенен түшүндүрмө беришип, жарандардын суроолоруна жооп беришүүдө.

Буга чейин үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында куру намыска алдырып, бири-бирине атаандашып, ысырапкерчиликке жол берилип, ошол үй-бүлөнү көптөгөн чыгымга алып келген учурлар көп болгон.

Жергиликтүү тургундар президенттин бул жарлыгын колдошоорун айтышып, ысырапкерчилик элдин социалдык-экономикалык жашоосуна терс таасирин тийгизип жатканын жолугушууда айтып беришти.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM