Connect with us

Акыйкатчы УКМК менен сот органдарын ЖМКлардын эркиндигин сыйлоого чакырат

Кыска кабар | 5 Мар 2022 | 516 | 0

Кыргызстандын Акыйкатчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин, сот бийлигин Кыргызстандын Конституциясында кепилденген жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин сыйлоого чакырат.

Акыйкатчы «Next tv» телеканалына карата укук коргоо органдарынын шашылыш иш-аракеттерине, тактап айтканда, юридикалык баа берүүгө тынчсыздануусун билдирди:

— жарыялоонун мазмуну (экспертизаны өткөрүү жана аны дайындалган күнү анын жыйынтыгын алуу);

— маалыматтык материалды тараткан субъект жана анын түздөн-түз «Next tv» телеканалы менен байланышы жөнүндө;

— тагылган айыпка, каналдын көрсөтүүсүн жабууга карата ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негиздүүлүгү жана пропорционалдуулугу.

Акыйкатчы чакырат:

— укук коргоо жана сот органдары жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге карата чечимдерди кабыл алууда ЖМКлардын эркиндигинин конституциялык кепилдиктерин жетекчиликке алууга;

— сот органдары «Next tv» телеканалына карата укук коргоо органы тарабынан көрүлгөн жана пландаштырылган чаралардын мыйзамдуулугуна, пропорционалдуулугуна жана зарылчылыгына укуктук баа беришсин жана тандоо маселесин чечүүдө иштин бардык жагдайларын эске алышсын. Алдын алуу чаралары көрүлсүн.

Акыйкатчы «Next tv» телеканалынын айланасындагы кылмыш ишин көзөмөлгө алып, адвокаттар менен тынымсыз байланышта. Ошондой эле, «Акыйкатчы» партиясынын өкүлдөрү УКМКнын СИЗОсунда жаткан Next телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөнбиевге барышты.

Copyright © 2017 Maral FM