Биз менен байланышыңыз

Милиция кызматкери 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 257 | 0

Бишкекте милиция кызматкери 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан Н.О. аттуу жарандын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо») менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери А.Э. менен К.Н. аттуу катардагы жаран экөө жашы жете элек кызды жыныстык катнашта болууга мажбурлашканы аныкталган.

Кылмышка шектүү К.Н. ошол эле күнү, ал эми анын шериги А.Э. 3-март күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM