Биз менен байланышыңыз

Бильярдчы Каныбек Сагынбаев аял менен мушташа кеткени айтылды (видео)

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 2287 | 0

Социалдык тармакта аял менен мушташа кеткен эркектин видеосу тарады.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал эртең мененки саат сегиздер чамасында Юнусалиев көчөсүндөгү кафелердин бирине келген коноктор мушташа кеткенин айткан.

Аял менен эркек оозеки айтышып жатып, ал мушташка айланган.

Милиция бул фактыны Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

Октябрь РИИБнин кызматкерлери шектүү катары 1985-жылы туулган С.К. аттуу жаранды милицияга алып келишкен. Тергөөнүн алкагында экспертиза дайындалып, ден соолукка жеңил зыян келтирүү зыян келтиргени аныкталган. Тергөө иштери уланууда.

Маалымат каражаттары жана социалдык тармактын колдонуучулары аял менен мушташкан жаран бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев экенин жазышты.

Белгилүү бильярдчы Каныбек Сагынбаев 2021-жылдын февраль айында Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчиси болгон. Ал дүйнөнүн үч жолку (2007, 2010, 2014-жылдардагы) чемпиону.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM