Кыргызгидромет билдиргендей, 5-мартта түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоолуу жолдордо муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;
Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10;
Бишкек шаарында 5-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +18…+20 градус болот.