Бейшембиде NEXT TV телеканалына Жазык кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен иш козголду. Ага телеканалдын социалдык барактары аркылуу Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисине шилтеме берип, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген кабар жайгаштырганы себеп болгон. Ошол эле күнү кечинде телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиев менен эфирдик инженер Таалай Бейшембаевди УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Мындан сырткары каналдын эфирлери токтотулуп, 5 компьютери конфискацияланган. УКМКнын бул иши басма сөз эркиндигине кысым көрсөтүү катары каралбайбы? Дегеле «Журналисттердин ишмердиги жөнүндө» мыйзамга ылайык кандай чара көрүлүшү керек эле? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, NEXT TV телеканалына Жазык кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголду. Ага аталган телеканалдын социалдык барактары аркылуу Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берип, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген кабар жайгаштырганы себеп болгон.
Маалымат чыгары менен бир катар басылмалар Коргоо министрлигинен, Президенттин администрациясынан бул кабардын чын-төгүнүн аныктоого аракет кылышкан. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кечке жуук Кыргызстандын аскерлери өлкө аймагында экенин, алар чет мамлекеттердеги атайын операцияларга катышпай турганын билдирген.
NEXT TV телеканалынын продюссери Өмүрбек Сатаевдин айтымында, 3-мартта кечки 19:30да УКМКнын кызматкерлери телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиевди жана эфирдик инженери Таалай Бейшембаевди кармап кетишкен. Мындан сырткары каналдын эфирлери кечки саат 20:00дө токтотулуп, 5 компьютери конфискацияланып, имараты тинтүүгө алынган.
«Үчүнчү кабаттагы студия, журналисттердин бөлмөсү, эфир даярдоочу бөлмө, кыскасы, бардык кабинеттер тинтүүгө алынып, УКМКнын мөөрү басылган. Процессорлор жана компюьтерлер УКМКнын кызматкерлери тарабынан алынган. Бул жерде бизге карата кылынган мамилени мыйзамсыз деп ойлойбуз. Кечээ чыккан скриншот «Украина сейчас» деген медианыкы болчу. Биз аларга шилтеме берип, социалдык тармактарыбыз аркылуу чыгарганбыз,бирок ал боюнча теледен кеткен жок. Эфирлерибиз эмне себептен жабылды, бул чоң суроо».
Кечээ түндө эркин маалымат мейкиндигин өнүктүрүүгө багытталган көз карандысыз коммерциялык эмес «МедиаПолис» уюмунун адвокаты Акмат Алагушев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына барып, тергөөчү менен сүйлөшүп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиевдин 48 саатка камала турганы боюнча маалымат алган. Дүйшенбиев бүгүн УКМКда сурак берип жатат, ал эми телеканалдын эфирдик инженери Таалай Бейшембаев түндө кайра бошотулган.
«Мен кирип чыктым, 330-берене, кастыкты козутуу менен иш козголуп, телеканалдын директору 48 саатка камалды. Эртең сурактар болот, бүрсүгүнү соту болуп, чечим чыгат. Мен муну туура эмес деп ойлойм, анткени маалымат такыр башка булакта жазылып жатпайбы. Бул башка тармак, телевидениеге эч кандай тиешеси жок. Эфирди токтотуп, имаратка мөөр басуунун эч кандай кажети жок болчу».
Журналист Семетей Аманбеков маалымат булагына шилтеме берүү менен чыккан кабар боюнча кылмыш ишин козгоону аша чапкандык деп эсептейт.
Анын айтымында, эгерде ЖМКлар жалган маалымат таратса, анда «Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, Маданият министрлиги 24 саатын ичинде оңдоосун же өчүрүүсүн талап кылган эскертүү жибериши керек эле.
«Ар бир адам маалыматты ар түрдүү түшүнүп, ар түрдүү чечмелейт. Мен окудум, «Кыргызстандын жана Тажикстандын аскерлери Украинага барды» деп эсептеген жокмун, «Казакстандын УКМКсынын мурдагы төрагасы ошентип айтыптыр» деп эсептедим. «Ошого шилтеме берип жазган» деп баа бердим. Башка окурмандар кандай баа бергенин азыр айта албайм. Бул маалыматка карата кылмыш ишин козгоо аша чабуу деп ойлойм. Эгерде алар шилтеме бербей, өздөрү ошондой маалымат жазганда, анда кастыкты козутуу боюнча иш козгосо болмок. Эфирди токтотуу үчүн кайсы мыйзамды колдонгонун билбейм. Эгерде соцтармакка чыккан маалымат үчүн иш козгосо, анда эмне үчүн эфирди токтотушту? Мен бул жактан эч кандай мыйзам бузууну көргөн жокмун. Эгерде бул жалган маалымат болсо, анда жалган маалыматтан коргоо боюнча кабыл алынган мыйзам боюнча Маданият министрлиги билдирүү жиберип, 24 сааттын ичинде оңдоосун талап кылышы керек эле. Менин билишимче, эч кандай эскертүү келген эмес. Азыр түз эле кылмыш ишин козгоп жатат. Бул боюнча көз карандысыз юристтер жана сот укуктук баа бериши керек».
NEXT TV телеканалынын негиздөөчүсү, саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн «Фейсбук» баракчасуу аркылуу билдирүү жасап, ага бир канча айдан бери УКМК тарабынан телеканалды жабууну талап кылып келишкенин билдирди.
Журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов телеканалга козголгон кылмыш иши сөз эркиндигине жасалган түздөн-түз кысым катары бааланышы керек деп эсептейт.
«Бул көрүнүш — сөз эркиндигине жасалган жоопкерчиликсиз, өзүм билем мамиле. Мындай мамиле биринчи «Кактус Медиага» жасалды, эми NEXT TVга жасалып жатат. Булардын баары сөз эркиндигин түздөн-түз кысуу катары бааланышы керек. Эки медиа тең башка маалымат булактарынан алып, шилтеме берип жазышкан. Мындай учурда адатта эскертүү берилет, болбосо, ошол маалыматты төгүнгө чыгар деген маселе коюлат. Өзүнүн чындыгын айтып, маалымат чыгарууга эфирдик убакыт талап кылат, ошону менен маселе чечилет. Качан гана бийликтин эркин маалымат каражаттарын кысуу максаты болсо, анда ушундай кылмыш иштери козголуп, аны чыгарбай коёт. Түпкү максаты ошол. Качан талаптар аткарылбаганда, мамлекеттин маалымат коопсуздугуна коркунуч келген учурда гана кылмыш иши козголуп, чаралар көрүлүшү мүмкүн. Ал чара да менин оюм боюнча, туура эмес чара болуп калат».
NEXT TV телеканалы көз карандысыз маалыматтык канал болуп саналат. Анын негиздөөчүсү: саясатчы Равшан Жээнбеков.