Биз менен байланышыңыз

NEXT TVнын директору Дүйшенбиев кармалды

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 879 | 0

NEXT TV телеканалынын директору Таалай Дүйшенбиев УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков «Фейсбук» баракчасына жазды.

Анын айтымында, телеканал Телеграм каналына Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берип, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген кабар жайгаштырганы үчүн кармалган.

Буга чейин УКМК аталган кабарга байланыштуу телеканалга Жазык кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен иш козгогон.

Copyright © 2017 Maral FM