Биз менен байланышыңыз

УКМК: NEXT TV телеканалына кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 681 | 0

NEXT TV телеканалына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, иш аталган телеканалга Жазык кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен ачылды.

УКМК телеканалдын социалдык тармактагы баракчасына Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берилип, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабар жайгаштырылганын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын аскерлери өлкө аймагында экенин, алар чет мамлекеттердеги атайын операцияларга катышпай турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM