Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик Туунун авторлоруна ардактуу наамдар ыйгарылды

Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 242 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта мамлекеттик Туунун кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата авторлору Жусуп Матаев, Бекбосун Жайчыбеков жана Эдил Айдарбеков менен жолугушту.

Мамлекет башчысы сүрөтчүлөрдү — мамлекеттик символдордун биринин авторлорун 30 жылдык мааракеси менен куттуктады. «Кыргыз элинин желеги ар дайым бейпил асманда желбиреп турсун. Өлкөбүздө молчулук, токчулук болсун», — деди Садыр Жапаров.

Ал мамлекеттик туунун авторлоруна баа жеткис салымы, өлкөнүн эң маанилүү символдорунун бирин жаратканы жана республиканын көркөм сүрөт искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, кыргыз элинин руханий маданиятын байытууга кошкон салымы үчүн Жусуп Матаевге жана Бекбосун Жайчибековго «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» ардак наамы, Эдил Айдарбековго «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылды.

Мамлекеттик желектин авторлору алардын эмгеги бааланганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүү жана бакубат жашоо каалашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM