Биз менен байланышыңыз

Коргоо министрлиги: Кыргызстандын аскерлери атайын операцияларга катышпайт

Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 401 | 0

Кыргызстандын бардык аскер бөлүктөрү өлкөнүн аймагында. Аларды мамлекеттик чек арадан тышкары кандайдыр бир аракеттерге тартуу планда жок. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн чет өлкөлөрдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу боюнча ар кандай божомолдорду толугу менен жокко чыгарат. Жарандардан расмий булактардан алынган маалыматтарга гана ишенүүнү суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Социалдык тармактарда Кыргызстан Орусияга Украинадагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн аскердик жардам жана техника берүүгө макул экени тууралуу кептер тарады. Юрий Поита аттуу «Фейсбук» колдонуучу Казакстандын УКМКсынын мурдагы төрагасына шилтеме жасап, «Тажикстан менен Кыргызстан Орусиянын басымы астында, жашыруун түрдө аскердик жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген» деп жазды.

Copyright © 2017 Maral FM