Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев: Алтын албасаңар койгула, ал жөн гана сунушум (видео)

Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 2025 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев буга чейин «Фейсбуктагы» кайрылуусунда той-ашка кошумчаны алтын менен алып барууну сунуштаган эле. Бүгүн ал билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, кечээки кайрылуусунан кийин терс пикирлер айтылып, уруш уккан.

«Баары бир той-ашка кошумча кошуп, тай же торпок жетелеп барабыз. Ошонун ордуна алтын берели деген пикирди билдирдим. Алтын салып алсак, экономикага жан берет, ошондой эле алып барган үйгө экономикалык инвестиция болуп калат. Түрктөрдө ушундай салт бар, тойлорго кошумча катары алтын алып барышат. Мына бизде да ушундай шарт түзүлдү. Ошондуктан сиздер туура түшүнүңүздөр, алтын албасаңар албай эле койгула. Торпок, тай берем десеңер бере бергиле, акчалай алып барам десеңер акча алып бара бергиле. Бул жөн гана менин пикирим», — деп кайрылган депутат.

Эске салсак, жакында эле президент Садыр Жапаров өлкөдөгү кризистик абал боюнча кайрылуу жасап, анда кыргызстандыктарды алтын сатып алууга чакырган. Ал мындай механизмдер менен инфляция ооздукталып, каржы базарындагы туруктуулук камсыздалат деп ишендирген.

Андан соң Кыргызстандын Улуттук банкы президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунан кийин алтын куймаларын сатып алууну каалагандардын саны өскөнүн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM