Connect with us

Украина-Орусия жаңжалы: Казакстан бейтарап позицияны карманат

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 319 | 0

Казакстан Украина менен Орусиянын ортосундагы мамиле боюнча бейтарап позицияны карманарын коргоо министринин орун басары Султан Камалетдинов билдирди.

«Украина менен Орусиянын ортосундагы жаңжалдын Казакстанга эч кандай тиешеси жок. Биз эки тарапты тең колдобойбуз», — деди Султан Камалетдинов.

Айта кетсек, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Донецк жана Луганск аймактары боюнча да пикирин билдирип, Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында иш жүргүзөрүн, алардын көз карандысыздыгы тууралуу маселе өлкөсүндө каралбай турганын жарыялаган.

Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев кечээ, 2-мартта Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсүндө да, бүгүн, 3-мартта Украина президенти Владимир Зеленский менен маегинде да эки өлкөнү согуштук аракеттерди токтотуп, орток пикирге келүүгө чакырганын Казакстан президентинин расмий сайты жазган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM