Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 4-мартта түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектерине кар түшөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;
Бишкек шаарында 4-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +13…+15 градус болот.