Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик Туу күнү: Ош шаарындагы салтанаттан сүрөттөр

Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 311 | 0

Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандын мамлекеттик Туусунун кабыл алынганынын 30 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Анын алкагында Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тарабынан борбордук аянтка 15 метрлик туу алып келинди.

Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, легендарлуу парламенттин депутаттары, шаардык кеңештин депутаттары, шаардыктар, аскер кызматкерлери жана активисттер катышты.

Иш-чарада Мамлекеттик туунун маанилүүлүгү даңазаланып, андан соң Аскердик парад болду.

Ош шаарындагы башкы Туу 2009-жылы орнотулган. Туунун бийиктиги 45 метр, асабанын туурасы 10 метр, узундугу 15 метр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM