Connect with us

«Кумтөрдөн түшкөн каражат ЖМКларды өнүктүрүүгө жумшалат»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Мар 2022 | 651 | 0

Маданият министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу «Маралдын» эфиринде КТРКны улутташтыруу мыйзамы менен бир топ реформа жүрөрүн белгиледи.

Азыркы тапта КТРКны мыйзамдаштыруу жана иретке келтирүү биринчи кадам болуп турат. Андан кийин бөлүнгөн каражатты мамлекеттин идеологиясын жакшы багытка өзгөрүүгө, жаңы долбоорлорду, тарбиялык программаларды алып чыгууга жумшалат.

«Президенттин талабы менен контентти жакшы нукка буруп, ички жаңы продукцияларды чыгаруу иштери жүргүзүлөт. «Кумтөрдөн түшкөн акча да биздин ата мекендик массалык маалымат каражаттарынын өнүгүшүнө жумшалат» деп айтылууда. Ошол акчаны да натыйжалуу колдонсок болот деп ойлойм», — деди министрдин орун басары.

Эсенгул уулу белгилегендей, каражаттын бөлүнүшү менен КТРКда кызматкерлердин саны кыскарат.

Мындан сырткары ал улуттук макам үчүн кызматкердин айлыгына азырынча миң сомдон кошуларын, бул көрсөткүч бара-бара көбөйөрүн билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM