Биз менен байланышыңыз

Токаев менен Зеленский Украинадагы кырдаалды талкуулашты

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 555 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү.  Бул тууралуу Zakon.kz маалымат агенттиги жазды.

Эки өлкөнүн жетекчилери учурда Украинада болуп жаткан кырдаалды талкуулашкан.

Токаев өз сөзүндө Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдө макулдашууга жетишүүнүн маанилүү экенин белгилеген.

Андан тышкары өлкөлөр аралык гуманитардык кызматташтык маселелеси козголгон.

Буга чейин Украина тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Беларуска Орусиядан делегация келгени маалымдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM