Connect with us

Европада газ болуп көрбөгөндөй кымбаттады

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2022 | 3700 | 0

Европада газдын баасы миң куб метрине 2200 доллардан сатылып, жогорку рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул маалымат баш кеңсеси Лондондо жайгашкан ICE Futures биржасынын рейтингинде көрсөтүлдү.

Европада газ апрель айында эле 1500 доллардан, ал тургай андан да төмөн баада болгон. Кечээтен баштап 2226 долларга жетип, бир күндө эле 59,4 пайызга жогорулады.

Акыркы рекорддук көрсөткүч 21-декабрда болгон, анда 2100 долларга сатылган.

2021-жылдын жазында баалар миң куб метри үчүн 250-300 доллардын тегерегинде болгон. Ал эми августтун аягында 600 долларга чейин көтөрүлсө, октябрда биринчи жолу миңден, декабрда эки миңден ашкан. Андан кийин бир аз арзандаганы менен ошол эле баанын айланасында калган.

Ал эми ушул жылдын февраль айында бир топ эле төмөндөп, 800-1030 доллардан сатылып келсе, Орусия Украинага аскердик операция баштатканы кайра болуп көрбөгөндөй кымбаттап кетти.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM