Биз менен байланышыңыз

Бекешов мамлекеттик телеканалдарды тышкы башкарууга берүүнү сунуштады

Кыска кабар | 2 Мар 2022 | 187 | 0

Бүгүн, 2-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын улуттук телерадио берүү корпорациясы жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жамангулов аталган мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы 5-майда Кыргызстан элине кайрылуусунда айткан маселени ишке ашыруу максатында даярдалганын белгиледи.

Анда мамлекет башчы Коомдук телерадио берүү корпорациясын реформалоо зарылдыгын айткан. Ошондой эле 2021-жылы 2-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «КТРКны реформалоо жана аны Улуттук телерадио берүү корпорациясына айландыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун Президенттин администрациясына киргизүү тапшырмасын берген.

Жыйында депутат Дастан Бекешов мамлекеттик массалык маалымат каражаттарына мамлекеттен 9 млн доллар кете турганын белгилеп, бир эле КТРКга 400 млн сом сарпталып жатканын сындады. Ошондой эле ал мамлекеттик телеканалдарды тышкы башкарууга берүүнү сунуштады.

Ага жооп катары министр Азамат Жамангулов «Пирамида» жана «5-каналды» жеке тарапка өткөрүүгө каршылыгы жок экенин айтты.

Мыйзам долбоорунда КТРКнын макамын өзгөртүүгө 13 млн сом керектеле турганы жазылган. Аталаган сумма «улуттук» деген статусту алгандан кийин ар бир кызматкердин айлык акысына кошулуп берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM