Биз менен байланышыңыз

Украинадагы кырдаал: Кыргызстанда дары-дармек көйгөйү пайда болушу мүмкүн

Кыска кабар | 2 Мар 2022 | 480 | 0

Бүгүн, 2-мартта Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дары-дармек коопсуздугун камсыздоодогу тоскоолдуктарды азайтуу маселесин караган жыйын өткөрдү.

Отурумга Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти, Кыргызстандын фармацевтикалык союзунун өкүлдөрү да катышты.

Анда фармкомпаниялардын өкүлдөрү Орусия менен Украинадагы азыркы кризистик кырдаалга тынчсыздануусун билдиришти.

Фармацевтика биримдигинин жетекчиси Эрнис Асанов белгилегендей, Кыргызстанга 30дан ашык өлкөдөн дары-дармек жана медициналык буюмдар импорттолот. Орусия менен Украинадан келген товарлардын үлүшү импорттун 60%ын түзөт.

Учурда эки өлкөнүн ортосундагы кырдаалдан улам, Украинада берилген бардык буйрутмалар жокко чыгарылды. Дары жеткирүүлөр качан калыбына келтирилери азырынча белгисиз.

«Ошондой эле орусиялык өндүрүүчүлөр рублдин курсунун туруксуздугуна байланыштуу товарларды ташууну белгисиз мөөнөткө токтотту. Мындан тышкары европалык өндүрүүчүлөр Орусияга дары-дармек жана медициналык буюмдарды берүүнү токтотушу мүмкүн деген кооптонуулар бар. Бул орусиялык дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн экспортун токтотууга алып келет», — деп айтылат маалыматта.

Фармацевтика бизнесинин өкүлдөрү министрликтен кырдаал турукташканга чейин бааларды жөнгө салуу боюнча пилоттук долбоорду токтото турууну өтүнүштү. Андан тышкары дары-дармек жана медициналык буюмдарды үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн шарт түзүүнү суранышты.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев жумушчу топ түзүп, тез арада сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди.

Copyright © 2017 Maral FM