Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 3-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, карга айланат. Тоолуу аймактарда кар жаайт.
Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0…+5, күндүз +14…+19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5;
Бишкек шаарында түнкүсүн күн бүркөк болот, жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +13…+15 градус болот.