Биз менен байланышыңыз

Жаңы мэр бийлигин акимдер менен бөлүшөт

Саясат | 2 Мар 2022 | 742 | 0

Бүгүн Бишкек шаарынын жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал Бишкек шаарын өнүктүрүү планын айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Абдыкадыров мэрликке күтүүсүз келип калганын маалымдады. Андан тышкары кайсы маселелерге көбүрөөк басым жасаарына токтолуп, айткан убадалары үчүн жоопкерчилик ала турганын белгиледи. Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Ушул жылдын 24-февралында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Бишкек шаарына мэр болуп дайындалган Эмилбек Абдыкадыров 2-мартта алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү. Сөзүнүн башында Абдыкадыров өзүнүн эмгек жолу жана кызматка кантип келип калганы тууралуу айтып өттү.

«Менин өмүр жолумдун баары Бишкек шаарына байланыштуу. Себеби мен 30 жылдан ашуун ушул шаарда иштедим. Кичинекей кызматтан баштап, 2005-жылга чейин Бишкек шаарынын вице-мэрлигине чейин иштедим. Бишкек шаарынын түзүмүндө канча баскыч болсо, ошолордун баарын басып өттүм. Шаар башчысы болуп келгеним мен үчүн да күтүүсүз болду. Жарым саат-бир саатын ичинде эле чечилип калды, президент Садыр Жапаров чоң ишеним артты. Мен абдан жакшы түшүнүп турам. Бишкек шаарынын башчысы болуу — абдан жоопкерчиликтүү. Бул кызматтан мен бийликти эмес, жоопкерчиликти көбүрөөк сезип турам».

Ошондой эле ал Бишкек шаарынын өтө көп көйгөйү бар экенин, аларды чечүү жолдорун, шаар тургундарынын жакшы жашоосу үчүн шарт түзүүнү күнү-түнү ойлонуп жатканын айтты. Эми мындан ары ар ишемби сайын акимдер жана вице-мэрлер аткарган иштери боюнча жума сайын отчёт берип турушат.

Буга чейин экс-мэр Айбек Жунушалиев «Бишкек шаарын 2026-жылга чейин өнүктүрүү» программасын сунуштаган. Аны көпчүлүк активисттер рефератка салыштырып, программадан өнүгүү жолун көрө алышпаганын жазышкан. Абдыкадыров аталган программаны артка чакыртып алганын, бир айдын ичинде кайра толуктап жазып чыга турганын маалымдады.

«Мен «Бишкек шаарын 2026-жылга чейин өнүктүрүү» программасын артка чакыртып алдым. Себеби менин да кошумча айта турган ойлорум, пландарым бар. Кийинки бир айдын ичинде кароону шаардык депутаттар менен сүйлөштүм. Бишкек шаардык кеңешинин бул сессиясында бюджет каралат. Бир жылда жасала турган иштер бюджетке байланыштуу болот».

Абдыкадыровдун айтымында, Бишкек шаарынын башкаруу системасы бузулгандыктан, канчалык билимдүү, мыкты кадрлар келсе да, эч нерсе өзгөрбөйт. Ошондуктан ал өзүнүн ишинде системаны өзгөртүп, акимдерге бир катар укуктарды, өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн берет.

«Менин позициям: райондук администрациялардагы акимдерди күчтөндүрүү. Ар бир район башчысына чечим кабыл алуу сунушун киргиздим. Азыр ошол структура менен иштеп жатышат. Мен аларга «бийликти өткөрүп берем, ар бириңер мыйзам чегинде ошол райондогу маселени чечишиңер керек» деп айттым. Бийлик менен бирге эле каржы маселесин чечүүнү да өткөрүп берем. Ошону менен бирге жоопкерчиликти да өткөрүп берип жатам. Себеби акыркы убакта бардык майда-чүйдө маселелерди мэрия чечип калган. Ошондуктан мен өзүмдүн көп бийлигимди акимдерге бөлүп берем».

Мындан сырткары ал Бишкек шаарынын мэриясы биринчи кезекте инвестиция тартуу менен алек болушу керектигин белгилеп, бул багытта иштерди алып барарын, кечээ ички төрт негизги инвестор менен жолугушканын белгиледи. Ошондой эле ал шарт жогунан өлкөдөн чыгып кеткен ишкерлерди кайрадан Бишкекке алып келүүгө сөз берди.

«Инвестициясы жок өнүгүү кыйын. Инвесторлор эмне үчүн бизден кетип жатат? Бизде текшерүүлөр көп, уруксат кагаздарын алуу оор, бюрократиялык тоскоолдуктар өтө күчтүү. Мына мен да курулуш тармагында жүргөн киши катары ким кантип бизнеске тоскоолдук кылып жатканын жакшы билем. Мен ошолорду азыр чакырып сүйлөшүп жатам, жакында чоң-чоң имараттар курула баштаганын көрөсүздөр. Мен бүт бизнесмен менен жолугайын деп жатам. Ошол эле Аскар Салымбековдон баштап, «Гаспром»  ишканасы, «Кока-Кола» жана башка чоң-чоң компаниялардын ээлери менен жолугушуп, аларга «маселесин чечеримди» айтып жатам. Эч ким алардын бизнесине жолтоо болбойт. Биздин жардамыбыз маселесин чечип берүү, алар бизе имараттарды куруп, бизнес кылып, салыктарын төлөсүн. Мен алардын иштөөсүнө шарт түзүп берейин, аларды эч ким текшербесин, алар бизге жардам берсин. Бишкекте шарт жок деп кеткен ишкерлерди кайра алып келгенге аракет кылам».

Абдыкадыров «Нур Строй монтаж», «ЭлитТауэрс» курулуш компанияларынын башкы директору катары белгилүү. Ошондой эле «Кереге проект», «Алма», «Сары-Таш», «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканаларынын кожоюну. Жыйында ал бизнестен кеткенин, учурда өткөрүп алуу жаатында юристтер иштеп жатканын, өзү мыйзам чегинде иштээрин айтты.

Ошондой эле төмөнкү көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кыла турганын билдирди:

  1. Таштанды полигону;
  2. Коомдук транспорт маселеси;
  3. Кара түтүн маселеси;
  4. Жашыл шаар куруу;
  5. Суу маселеси, ирригация.

Абдыкадыров 2006-жылы Башкы прокуратура жерди мыйзамсыз жеке менчикке берүү боюнча кылмыш ишин козгоп, бирок олуттуу мыйзам бузуу болбогондуктан, кайра токтотулганын кошумчалады.

64 жаштагы Эмилбек Абдыкадыров Таластын Кара-Ой айылында туулган. Ал буга чейин Ала-Бука районунун акими кызматын аркалаган. Аскар Акаев президент болуп турганда бир нече жыл Бишкек шаарынын вице-мэри болгон. Андан тышкары ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясы менен катышкан. 2021-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо №21 Талас округунан талапкер болгон.

Copyright © 2017 Maral FM