Биз менен байланышыңыз

Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү

Кыска кабар , Спорт | 2 Мар 2022 | 443 | 0

Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү. Маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун ( (UWW) сайтына жарыяланды.

Дүйнөлүк рейтингге Стамбулда өткөн Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турниринен кийин бир катар жаңылоо, толуктоолор киргизилди.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы рейтингдик турнирде 13 миң упай топтоп, 4-орундан 2-орунга көтөрүлдү.

Кыргызстандын спортчусу спорттук карьерасында жалпы 67 миң упай топтогон.

Ал эми ушул салмак категория боюнча биринчи орунда 86 миң 400 упай топтогон АКШ балбаны Аделина Грей ордун сактап калды.

Дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова гана ээлеп келген болсо, эми 68 кг салмакта Мээрим Жуманазарова, эркектер арасында эркин күрөш боюнча 70 кг салмакта Эрназар Акматалиев да кошулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM