Биз менен байланышыңыз

Президент: Алтынга кезекке тургандар көбөйдү

Кыска кабар | 1 Мар 2022 | 456 | 0

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасына алтын темасына байланыштуу дагы бир пикир жазды.

Ал бир күн мурун кайрылуу жасап, сомдун курсу туруктуу болбогондуктан акчаны алтын менен сактоо тууралуу кеңеш берген.

Президенттин маалыматына караганда, бүгүнтөн тарта алтын алууга кезекке тургандар көбөйдү.

«Мен кечээ кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, акчасы барларга (бизде, Кудайга шүгүр, чет өлкөлүк банктарда же үйлөрүндө акчасын сактаган жарандарыбыз көп) «акчаңарды алтын менен сактагыла, жүздөгөн жылдар бою алтын өз кунун жоготпойт» дедим эле. Бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү. Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө кагаз акча менен сактагандан көрө, алтын менен сактасаңыздар, жүз жылдан кийин болсо да күйбөйсүздөр. Сом менен доллар өз кунун жоготуп коюушу мүмкүн, ал эми алтын өз кунун эч качан жоготпойт», — деп айтылат президенттин сөзүндө.

Украинадагы согуш: Ар бир кыргызстандыктын чөнтөгүнө сокку ура турган жагдайлар

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM