Биз менен байланышыңыз

Украинадагы согуш: Ар бир кыргызстандыктын чөнтөгүнө сокку ура турган жагдайлар

Блог , Коом , Экономика | 1 Мар 2022 | 2928 | 0

Экономист Элдар Абакиров Украинадагы согуш Орусияга жана ага байланган өлкөлөргө катуу таасир этерин айтты.

Ар бир кыргызстандыктын чөнтөгүнө сокку урган жагдайлар:

🟦 Мигранттардан келген акча 1 млрд долларга азаят

Орусияда 1-марттан 5-мартка чейин Москва биржасы алып сатууну убактылуу токтотуп койду. Бирок көмүскө базарда (чёрный рынок) соода уланып жатат деп айтылат. Ал жерде курстун наркы тууралуу маалыматым жок. Бирок, азыр карасам, интернет расмий түрдө 105 деген курсту көрсөтүп жатат.

Демек, рубль 75тен 105ке көтөрүлүптүр, башка айтканда, 40 пайызга. Рублдин курсу 75 кезинде бизге мигранттар Орусиядан 2,7 млрд доллар акча жөнөтсө, азыр Орусиянын валютасынын куну долларга карата 40% түштү, демек, 2,7 млрд доллардын ордуна 1,6 млрд доллар келип калат. Бул — мигранттардан келген акча 1 млрд долларга азаят дегенди түшүндүрөт.

🟦Бензиндин баасы 8 сомго кымбаттайт

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатовдун маалыматына таянып айтсак, азыр 1 доллар 95 сом болуп турган учурда бензиндин баасы литрине 8 сомго көтөрүлөт. Рублдин артынан сомдун куну түшүп жатат, мунайдын баасы кымбаттоодо. Бул — ар бир жарандын чөнтөгүнө катуу сокку.

 🟦SWIFT системасынын кесепети мунайга да сезилди

Кыргызстанда аздыр-көптүр өндүрүштү бутка тургузуу аракеттери бар. Сырттан машине, анын тетиктерин, жабдыктарды алгандар бар.

Орусия тарап болсо, санкциялардын айынан өзүнүн заводдоруна керектүү жабыктарды сырттан ала албай калат.

Ошол эле кезде айрым орус банктары SWIFT — банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан чыгып калган. Мунун да таасири тийип жатат.

Мисалы, Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов, ушул система иштебей калганы үчүн Орусияга мунайдын акчасын төлөөдө кыйынчылык болуп жатканын жазды. Мурункудай чоң суммада төлөй албай, аз-аздан төлөп, мунайды аз көлөмдө алып келип жатышкан экен.

🟦Курулуш материалдары, үйлөрдүн баасы кымбаттайт

Орусия чийки затка өтө бай өлкө. Мисалы:

-дүйнөдөгү мунайдын он пайызын Орусия камсыздайт,

-газдын бир топ пайызын жеткирет,

-буудайды жеткирүү боюнча төртүнчү орунда турат.

-кант кызылчасы боюнча биринчи орунда,

-күн карама майы боюнча экинчи орунда,

-картөшкө боюнча үчүнчү орунда,

-кара металлдын он пайызын жеткирет,

-калай боюнча төртүнчү орунда.

Булардын баарына баалар 10-20% кымбатташы мүмкүн.  Демек, Кыргызстанда курулуш материалдары, үйлөрдүн баасына таасир этет.

🟦 Кыргызстан эмне кылышы керек?

Эртерээк согуш токтоп, Орусия менен Украина тынчтык келишимге келип, санкциялар бара-бара азайса, Кыргызстанга жеңил болот. Бирок, эгер андай келишимге бара алышпаса, тагыраагы, бул багытта прогноздор жакшы болбосо, анда башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга валюта алып келүү, товардарды сатуу боюнча иштөө керек. Өкмөт мунун үстүнөн күнү-түнү иштеши керек.

🟦 Насыялар кымбаттайт

Сом менен иштеген кыргызстандыктардын кирешеси акыркы беш күндө эле 30-40 пайызга түшүп кетти. Эртең кандай болорун айтуу кыйын.

Орусиянын Борбордук банкы башка банктарга көрсөткүч катары койгон резервдик ставкасын 9 пайыздан 20 пайызга көтөрдү. Демек, Орусияда насыялар 2-3 эсе өсүп жатат. Кыргызстанда да насыянын баасы 2-3 эсе өтүп кетиши ыктымал.

🟦 Доллар менен насыя алгандар катуу кыйналат.

Ошондуктан өкмөт курстарды туруктуу кармоо, курстук айырмаларды өзүнө алуу жана башка «стресс сценарийлерди» иштеп чыгып, чараларды көрсө жакшы болмок.

🟦 «Керексиз» акчаңызга алтын алсаңыз болот

Азыр президент алтын сатып алгыла деп айтып жатат. Туура, алтын сомго окшоп кунун жоготпойт, ал жагынан жакшы, эгер кимдин көп акчасы болсо, албетте, алтын сатып алышсын.

Бирок алтын кыска мөөнөттө эле кымбаттап кетпейт, бир канча жылда гана кымбаттайт, ошондо аны киреше менен сатса болот. Көп жылга чейин кереги жок болуп, туруп калган акчаңыз болсо, алтын сатып алыңыз.

🟦 Жөнөкөй жарандар сом менен чоң акча кармабашы керек

Жөнөкөй жарандарга бере турган кеңешим, сом менен чоң акча кармабоо керек. Же товар, же валюта менен оокат кыла турган убакыт.

🟦 Санкциялар токтобосо өнүгүү тууралуу сөз болбойт

«Эгер Орусияга салынган санкциялар токтобосо, Украина-Орусия өлкөлөрү бир келишимге келбесе, Орусия жана ага байланган өлкөлөрдүн баары, анын ичинде, Кыргызстанда өнүгүү боюнча сөз болбой калат. Күн өткөрүү, тамак-аш, бензинди эптеп жеткирүү жөнүндө гана сөз болуп калат».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM