Connect with us

«Эркин айтыш» финалынын баш байгесин Кутман Садыбакасов алды

Кыска кабар | 28 Фев 2022 | 356 | 0

«Эркин айтыш» финалынын баш байгесин 21 жаштагы жаш акын Кутман Садыбакасов жеңип алды.

Эркин чемпионаттын баш байгесине чемпиондук күмүш кур жана 150 миң сом акчалай байге тапшырылды.

Финалга жалпы 16 төкмө акын жолдомо алып, чүчүкулактын жыйынтыгы менен төмөнкү жуптар түзүлгөн:

1) Кадырбек Бейшенов / Эсен Жабаев
2) Максат Кулуев / Чыңгызхан Кожошев
3) Жылдызбек Төрөканов / Турат Жумаев
4) Кутман Садыбакасов / Улан Токтосунов
5) Азамат Болгонбаев / Бакыт Шаршеналиев
6) Мамбет Акын / Абдибали Акимбеков
7) Садырбек Турдубек уулу / Аман Жабаев
8) Баян Акматов / Эсенбек Кийизбаев

Жыйынтыгында баш байгени Кутман Садыбакасов, биринчи орунду Азамат Болгонбаев, экинчи орунду Максат Кулуев, үчүнчү орунду Садырбек Турдубек уулу алды.

Баш байгеге 150 миң сом, биринчи орунга 80 миң сом, экинчи орунга 50 миң сом, үчүнчү орунга 30 миң сом акчалай байге ыйгарылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM