Connect with us

Украина менен Орусиянын делегациялары сүйлөшүүгө келишти (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Фев 2022 | 1403 | 0

Беларуста Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталганын «БелТа» маалымат агенттиги билдирди.

Москва тараптан президенттин жардамчысы Владимир Мединский, тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко, коргоо министринин орун басары Александр Фомин, Мамлекеттик Думанын эл аралык комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий жана Орусиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов катышууда.

Ал эми Украина тараптан коргоо министри Алексей Резников, Жогорку Рададагы «Эл кызматчысы» фракциясынын башчысы Давид Арахамья, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точицкий, президенттин кеңешчиси Михаил Подоляк жана башкалар барган.

Эске салсак, Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Беларусь президенти Александар Лукашенко Украина президенти Владимир Зеленскийге телефон чалып, эки тараптуу сүйлөшүүгө көндүргөнүн, ортомчулук милдетти аркалап берерин айтканын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM