Connect with us

«Жарандарды шайлоодо добуш берүүгө милдеттендирүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Фев 2022 | 277 | 0

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө шайлоо укугубуз товарга айланып кетти. Кечээ шайлоого добуш берүүгө келгендер добушун сатып койгондор десем жаңылышпайм. Мындай пикирин БШКнын мурдагы төрагасы, Биринчи Май округунан талапкер Акылбек Сариев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Муну өзгөртүүнүн бир жолу бар: шайлоо укуктарын милдетүү кылуу керек. Ар бир жаран бийлик бутактарын шайлоодо милдеттүү болуп калат. Ушундай системаны киргизсек, добуш сатып алуулар опурталдуу, коркунучтуу да болот.

Ошондой эле сыртта жүргөн кыргызстандыктар да эсепке алынбайт, маселе чечилет.

«Көрүнүп эле калбадыбы шайлоочулар кааласа келет, каалабаса келбейт, акча берсең келет, бербесең келбейт. Эл ишенбей кайдыгер болуп калды», — деп кошумчалады Сариев.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM