Биз менен байланышыңыз

Бишкектин жаңы мэри 2022-жылга шаар бюджетин талкуулады

Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 583 | 0

Бишкек шаарынын жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын жана муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен биринчи жыйынын өткөрдү.

Анда Бишкек шаарынын 2022-жылга бюджетинин долбоору жана кийинки жылдарга экономикалык көрсөткүчтөрдүн болжолдору талкууланды.

Борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгөнчөков Бишкек шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 11 млн 690 миң сом өлчөмүндө пландаштырылганын, 2021-жылга бекитилген планга салыштырмалуу өсүү темпи 114,3% же 1 млн 459 миң сомго көп экенин билдирди.

Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын жетекчилерине бир катар милдеттерди койду.

Алар:

  • Райондук администрациялардын башчылары шаарды жашылдандырууга басым жасоо менен жалпы шаардык ишембиликтерди өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын даярдоосу зарыл;
  • «Бишкек жашыл чарба» ишканасына шаардык кызматтар менен биргеликте жайкысын жашыл аянтчаларды үзгүлтүксүз сугаруунун так схемасын түзүү тапшырылды;
  • «Тазалык» кызматына шаар боюнча санитардык тазалоону күчөтүү тапшырмасы берилди;
  • Акимдер чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери жана ижарачылары менен имараттардын фасаддарын жана анын айланасын иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл;
  • Шаардык көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө инспекциясына курулуш объектилеринде коопсуздук эрежелеринин сакталышын, анын ичинде курулуш паспортторун, адамдар өтүүчү убактылуу тепкичтердин жана көпүрөлөрдүн болушун, аймактын тосмолорун жана башкаларды текшерүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, мэрдин жумушчу жыйындары эми ар ишемби күнү өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM