Өлкөнүн 2021-жылдагы бюджетинин жыйынтыгы боюнча кирешелердин көлөмү 187.4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул 2020-жылдын тийиштүү көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу кирешенин өсүшү 53 млрд сомго көп болгон жана өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги натыйжасы ИДП өсүү темпи боюнча оң көрсөткүчкө жеткен.
Экономиканын тармактар боюнча көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болгон:
- Айыл чарбасында өндүрүштүн темпи 5%га төмөндөгөн;
- Курулушта 4.8%га азайган;
- Өнөр жайында 7.2%га өскөн;
- Кызмат көрсөтүү тармагында өсүш 6.5%ды түзгөн.
Айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмүнүн азайышы негизинен өсүмдүк өстүрүүнүн 11.6%га азайышына байланыштуу болгон.