Бүгүн, 26-февралда президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.
Өлкө лидерлери кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Садыр Жапаров менен Владимир Путин ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты.