Биз менен байланышыңыз

Yaşar Doğu-2022: Айпери Медет кызы алтын медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 25 Фев 2022 | 967 | 0

Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan турниринде Кыргызстандын балбан кызы Айпери Медет кызы алтын медаль тагынды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы финалда Мартина Куенз менен бет келип, 6:4 эсебинде жеңишке ээ болду.

Айпери Медет кызы алгачкы беттешинде орусиялык Кристина Шумованы 10:0 эсебинде, чейрек финалда дагы бир орусиялык Екатерина Букинаны 5:3 эсебинде утуп алган. Жарым финалда германиялык Франци Рейделтке туш келип, 6:1 эсебинде жеңип, финалдык баскычка өткөн.

Белгилей кетсек, бул турнир рейтингдик беттеш болуп эсептелет. Спортчулар алган упайларына жараша 2022-жылдын дүйнөлүк рейтингиндеги ордун аныктайт.

Copyright © 2017 Maral FM