Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Стамбулдагы турнирде чейрек финалга чыга алган жок

Кыска кабар , Спорт | 25 Фев 2022 | 832 | 0

Айсулуу Тыныбекова 24-27-февраль күндөрү Стамбулда (Түркия) өтүп жаткан Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык турниринде чейрек финалга чыга алган жок.

Кыргызстандык балбан кыз 1/8 финалда Бразилиядан келген Лайс Нуньес де Оливейрага 0:8 эсебинде жеңилип калды. Эгер бразилиялык кыз финалга өтсө, Айсулуу көңүл жубатуучу беттешке мүмкүнчүлүк алат.

Эске салсак, бүгүн Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы да күрөшөт.

Ал эми кечээ, 24-февралда грек-рим күрөшү боюнча мелдеште кыргызстандык Дастан Кадыров менен Калы Сулайманов бешинчи орунду ээледи.

Белгилей кетсек, бул турнир рейтингдик беттеш болуп эсептелет. Спортчулар алган упайларына жараша 2022-жылдын дүйнөлүк рейтингиндеги ордун аныктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM