Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдүн жолун Кувейт мамлекети оңдоп берет

Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 685 | 0

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл айланма жолунун «Корумду-Балбай» тилкесин асфальттоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Мыйзамды 2022-жылдын 2-февралында Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Кыргызстан менен Кувейт «Араб экономикалык өнүктүрүү фондунан жол оңдоого каражат бөлүү жөнүндө» келишимге 2021-жылдын 12-июлунда кол койгон.

Келишимге ылайык, «Балыкчы-Каракол-Балыкчы» унаа жолунун «Корумду-Балбай» (104-184,5-чакырым) тилкесине жаңы асфальт басылат.

Долбоордун алкагында Ысык-Көл менен Казакстан, Орусия, Кытайдын жол байланышын чыңдоо да каралган. Андан тышкары жолдун жээгиндеги инфратүзүм жакшыртылып, өнөр жайды жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө да басым жасалат.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, Корумду-Балбай жолунун узундугу 81 чакырым болот. Жол 4 тилкелүү салынат. Аны 2026-жылы куруп бүтүү пландалган.

Кыргызстан 1996-жылдан бери эл аралык өнөктөштөрдөн 2,5 млрд доллар насыяны жол тармагына алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM