Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Орусия менен дагы 300 жыл бирге болууга даярбыз

Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 1058 | 0

Биз Орусия менен 200 жылдан бери бирге болгонбуз жана да 300 жыл бирге болууга даярбыз. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушуусунда айткан. Бул тууралуу Орусия өкмөтүнүн сайты жазды. 

«Орусия менен кызматташуу биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Кетер алдында мен урматтуу президент Садыр Нургожоевич Жапаровго жолугуп калдым. «Биз Орусия менен 200 жылдан бери бирге болгонбуз жана дагы 300 жыл бирге болууга даярбыз», — деди. Биз мындан ары да ойлонбойбуз, биз бирге болгонбуз жана бирге болобуз», — деди Жапаров.

Акылбек Жапаров 24-февралда Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстан жана Орусиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулганына 30 жыл толот.

Copyright © 2017 Maral FM