Бүгүн, 24-февралда Түркиянын Стамбул шаарында күрөштүн олимпиадалык түрлөрү боюнча Яшар Догу, Вехби Емре, Хамит Каплан эл аралык турнири башталат.
Алгачкы беттештер грек-рим күрөшүнөн болуп, 7 салмак категориядагы балбандар күрөшөт. Бул күнү Кыргызстандан барган Дастан Кадыров (63 кг), Калы Сулайманов (67 кг) да килемге чыгат.
Турнирге катышуу үчүн Кыргызстандан 11 балбан жөнөп кеткен. Алардын катарында Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы да бар экени буга чейин кабарланган.
Дүйнөлүк күрөш уюмунун маалыматына караганда, мелдештерге Олимпиада оюндарында, дүйнө биринчиликтеринде чемпион болгон балбандар да катышууда. Турнир 27-февралда жыйынтыкталат.