Украина президенти Зеленский жаңы видеокайрылуу жолдоду. Мындай билдирүүлөрдү ал саат сайын чыгарып турууну пландап жатат.
«Маалымат расмий булактардан алынышы керек. Путин Украина жана бүткүл демократиялык дүйнө менен согуш баштады. Ал менин өлкөмдү жок кылгысы келет. Ал биздин жашообузду жок кылгысы келет», — деди Зеленский.
Эске салсак, Владимир Путин 24-февралдын таңында Донбасска Орусиянын аскерлери киргизилгенин, атайын операция башталганын расмий маалымдады.
22-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасап, Киев тынчтыкты жактаарын жана Орусиянын Донбасс республикаларын таануу чечиминен кийин бул багыттагы дипломатиялык ишин уланта турганын билдирген.
Бүгүн, Украина Коопсуздук кеңешинин чечими менен өлкөгө «согуштук абал» жарыяланды.