Биз менен байланышыңыз

БУУнун башкатчысы Путинди Украинага чабуулду токтотууга чакырды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 989 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Антонио Гуттериш Орусия президенти Владимир Путинге кайрылып, Украинага аскердик кол салууну токтотууга чакырды.

Анын видеокайрылуусу «Твиттердеги» баракчасына жарыяланды.

«Мен чын жүрөктөн айта турган бир гана нерсем бар: президент Путин, аскерлериңиздин Украинага чабуулун токтотуңуз. Тынчтыкка мүмкүнчүлүк бер. Өтө көп адам өлдү», — деп жазды ал кайрылуунун башына.

Орусия президенти Владимир Путин 24-февралда Донбасс аймагына атайын аскердик операция жүргүзүү чечимин кабыл алганын айтты.

Жалпыга маалымдоо каражаттары Краматорск, Харьков жана Киев жана башка бир канча аймакта жардыруулар болгону тууралуу жазып жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM