Биз менен байланышыңыз

Медербек Алиев учурдагы геосаясий абал боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 686 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Медербек Алиев учурдагы геосаясий абал боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, азыркы геосасий кризис дүйнө жүзүндөгү бардык мамлекеттерге сөзсүз түз же кыйыр түрдө таасир этет.

«Учурда дүйнө оор абалда турат. Үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетүү коркунучу бар. Мындан 50-60 жыл мурда Кубада «Кариб кризиси» болуп, Америка менен СССРдин кармашы болгон. Азыр да ошондой жагдай кайталанып жаткан сыяктуу. Мындай жагдайда ар бир мамлекет  дүйнөлүк укуктук-ченемдик актыларды, дүйнөлүк коомчулук тааныган принциптерди эске алып, өзүнүн улуттук кызыкчылыгына ылайык кадимки жайбаракат турмушун уланта бериши керек» ,  — деди Алиев.

Ошондой эле депутат мамлекет эң биринчи кезекте 6 млн калктын кызыкчылыгын эске алуу менен өзүнүн ишин улантышы зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM