Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Тери Хакала 24-27-февралда Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу биримдиктин Бишкектеги өкүлчүлүгү кабарлады.
Тери Хакала Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилени жана кызматташтыкты талкуулоо үчүн Кыргызстандын жогорку жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош жана Баткен облустарына барат.
Расмий кездешүүлөрдөн тышкары эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен да баарлашат.