Connect with us

Рубль соңку бир айда сомго карата 4,5% арзандады

Кыска кабар | 23 Фев 2022 | 884 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы 23-февралга карата сомдун расмий түрдөгү курсун жаңылады. Бул маалымат борбордук банктын сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматтарга ылайык, кыргыз валютасы өнөктөш өлкөлөрдүн негизги валюталарына карай күчтөнгөнү айтылат. Бул арада сомго карата орус рубли дароо, жогорку динамикада 4,54%га арзандап кетти. Буга байланыштуу 23-февралда валюталар бирге бир деген көрсөткүчтө болуп, рубль 1.0545 сомду түздү.

Акыркы жолу мындай көрсөткүч менен 2020-жылдын ноябрь айында рубль мындан да төмөндөп кеткен эле. Ал эми орус валютасына карата доллардын курсу дароо 3,5%га жогорулап, 80.01 рублини түздү. Эксперттердин талдоосу боюнча, бул көрүнүш Украинадагы абалдын курчушу менен байланыштуу деп айтылат

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM