Теңгиз Бөлтүрүк өз каалоосу менен «Кумтөр Голд Компанинин» убактылуу тышкы башкаруучусу кызматынан кетти. Аны кызматтан алуу буйругуна Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
15-февралда Тенгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясына жетекчи болуп дайындалган.
«Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруу киргизилип, Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына 2021-жылдын 18-майында келген.