Бишкектин №27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча 27-февралга дайындалган кайра шайлоодо шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланды.
Тизме шайлоочулардын https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталына жайгаштырылды жана шайлоо участокторунда илинди.
Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын акыркы тизмесиндеги шайлоочулардын саны 219 миң 654 болду. Анын ичинде 92 миң 587си – эркек, 127 067си –аял:
— № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 113 105 шайлоочу, алардын ичинде 46 753ү – эркек, 64 135и – аял;
— № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 106 549 шайлоочу, алардын ичинде 44 273ү – эркек, 60 438и – аял.